АКШ: Бир үй-бүлөнүн 40 мүчөсү тажия учурунда коронавирус жуктуруп алышты

Автор -

Американын Батыш Виржиния штатында бир үй-бүлөнүн 40 мүчөсү тажия учурунда коронавирус жуктуруп алышты. Бул тууралуу New York Post гезити жазып чыкты.

Полли Уильямс (Polly Williams) анын аталаш тууганынын тажиясы 2-июлда өткөнүн билдирген. Сөөктү жерге берүү зыйнатына Аризонадан тууганы учуп келген. Аял COVID-19 илдети менен ооруп жатканын эч кимге айткан эмес, андыктан чогулгандар беткапсыз жана аралыкты сактабастан беймарал жүрүшкөн.

«Мен тууганыбыздын өзүн жаман сезип турганын байкаган элем, бирок терең маани бербептирмин, — деп эскерет Уильямс. — Мен аны жол жүрүүдөн жана чала уйкудан кыйналып калды го деп койгом. Өзү дагы эч нерсе айткан жок эле».

Кийинчерээк ал аял тажияга келерден мурун ден соолугу начарлап, дарыгерлерге кайрылганы белгилүү болгон. Андан тышкары учуп келерден мурун анын күйөөсүнөн жана уулунан коронавирус табылган.

Көп убакыт өтпөй, ал аял менен тажияда чогуу болгондордун биринен коронавирус аныкталган. Вирус ылдам кулачын жайып, бир ай ичинде үй-бүлөдө кырктан ашуун адамдан тастыкталган. Бул ооруну ийгиликтүү жеңип чыккан Уильямс айрым туугандарын ооруканага жаткыруу муктаждыгы жаралганын билдирет.

«Каза тапкан адам анын да жакын тууганы, мен аны түшүнөм. Мен баарын түшүнөм. Бирок ал беткап, колкап кийип, бизге оору жугузуп албаш үчүн аралыкты сактоону эскертип койсо болмок», — дейт ал оору жугузган тууганы жөнүндө.

Уильямстын үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары карантинге отургузулуп, тажия өткөн чиркөө дезинфекцияланды.

Бөлүшүү