Артур Цветков кыргызстандык жигиттен кечирим сурады (видео)

Автор -

Россиялык теле алпаруучу Артур Цветков кыргызстандык жигиттен кечирим сурады. Бул туурасында журналист Мирбек Молдакунов Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

«Тараптар элдешти. Артур Манаптан өзү биринчи кечирим сураптыр. Алып баруучу арызын кайтарып алууну убадалады. Жолугушууда биздин мекендештин кызыкчылыгын Элчиликтин, Миграция кызматынын жана КР ИИМинин өкүлдөрү коргошту», — деп жазат Молдакунов.

 

11-августта орусиялык теле алып баруучу экени айтылган Артур Цветков Москвадагы тез тамактануучу жайлардын биринде иштеген кыргыз жараны менен чырдаша кеткен. Ал кафеге кирерде кыргыз бала андан беткап тагынуусун суранган. Бирок Цветков орой мамиле жасап, аны өлкөдөн депортация кылдырып саларын айткан. Андан кийин теле алып баруучу полиция кызматкерлерин чакырып, анын үстүнөн арыз жазган.

Бул окуя кыргыз коомчулугунда катуу сынга алынып, теле алып баруучунун социалдык тармактагы баракчасын блоктоп салууга чакырышкан.

Артур Цветков MTV телеканалында иштей турганын айткан. Кийинчерээк бул телеканалдын жетекчиси Яна Чурикова ал 15 жылдан бери бул каналда иштебей турганын билдирген.