COVID-19: Кыргызстанда 310 жаңы учур катталып, 3 адам каза тапты

Автор -

Кыргызстанда акыркы суткада 310 адамдан COVID-19 илдети аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек — 99
  • Ош – 16
  • Чүй облусу – 15
  • Ош облусу — 35
  • Талас облусу – 9
  • Нарын облусу – 8
  • Ысык-Көл облусу – 55
  • Жалал-Абад облусу – 54
  • Баткен облусу — 19

Жалпы илдет жуктургандардын саны 41 миң 69 адамга жетти.

Каза тапкандар
COVID-19 илдетинен сутка ичинде 3 адам каза тапты:

  • Бишкек – 1;
  • Баткен облусу – 1;
  • Ош облусу – 1.

Март айынан бери илдеттен 1 487 адам каза тапты.