Новосибирсктен 185 кыргыз жараны кайтып келди

Автор -

Новосибирск − Бишкек багыты боюнча Кыргызстанга Россиядан 185 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргызстанга кайтууга муктаж болгон кыргыз жарандарынын берген кайрылууларынын кезеги боюнча түзүлгөн. Алардын катарында кош бойлуу аялдар, жаш балалуу аялдар, улгайган жарандар, Новосибирсктин клиникаларында операция жасаткандар, Сибирь федералдык округунун ЖОЖдорунда окуган кыргызстандык студенттер бар.

Каттам менен Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк-Сахалин, Хабаровск, Владивосток, Чита, Якутск, Абакандан, ошондой эле Сибирь Федералдык округунун башка шаарларынан кыргыз жарандары келди.

Ошондой эле каттам менен Кыргызстанга Новосибирск облусунун кыргыз диаспорасы тарабынан наркы 200 миң рублдан ашык болгон дары-дармек каражаттарынан турган гуманитардык жүк келди.

Бөлүшүү