Кыргызстанда 13-августка карата COVID-19 илдетин 291 адам жеңип чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
- Бишкек – 46
- Чүй облусу – 35
- Ош облусу – 46
- Талас облусу – 3
- Нарын облусу – 11
- Ысык-Көл облусу – 76
- Жалал-Абад облусу – 41
- Баткен облусу – 20
- Ош шаары – 13
Бардыгы коронавирустан өлкө аймагында 33 миң 318 адам айыкты.