17-августтан тартып, ички паспорт (ID) баасы кымбаттайт. Бул биометрикалык электрондук ID-картты акысыз чыгаруу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу болууда.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, мындан ары ички паспорттун бланкы үчүн 206 сом төлөнөт. Ошондой эле паспортко ээси тууралуу маалыматтарды кошууга 241 сом, банк кызматы үчүн 23 сом төлөнөт. Натыйжада ички паспорттун жалпы баасы 470 сом болот.
ID картты шашылыш алууну каалагандар 1260 сом төлөшөт.
Жарандарды биометрикалык ID-карт менен камсыздоо 2017-жылдын 1-майынан тартып ишке ашырылып келет. Паспортко жайгаштырылган чипте анын ээси тууралуу, бирометрикалык маалыматына чейин толук камтылган. Долбоор Түштүк Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) жардамы менен ишке ашырылып келди. Анын алкагында 1,9 млн ID-карттын бланкы жарандарга акысыз берилди.
Кыргызстанда жарандарга жалпы улуттук паспорт жана ички паспорт болуп саналган ID-карт берилет.