24.kg маалымат агенттигинин журналистин суракка чакырышты

Автор -

24.kg маалымат агенттигинин журналистин милицияга суракка чакырышты. Бул тууралуу кабарчынын өзүнө таянып, «Апрель» телеканалынын расмий сайты жазды.

Руслан Харизовдун айтымында, кечээ кечинде ага өзүн Бишкектин Свердлов РИИБинин кызматкери катары тааныштырган киши чалып, милицияга келүүсүн өтүнгөн.

«Азырынча мени эмне иш боюнча, кайсы макалам боюнча чакырып жатышканын билбейм. Мен тергөөчүдөн расмий түрдө чакыруу жөнөтүүнү сурадым. Мен ал кагазды алганда гана барам. Адвокат менен кеңештим, ал чакыруу кагазы керек экенин айтты. Болбосо, мени азырынча бейтааныш номерден чалып гана суракка чакырышты», — деп билдирген «Апрелге» Руслан Харизов.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда акыркы убактарда блогерлерди, журналисттерди, жарандык активисттерди соцтармактагы билдирүүсү же ЖМКларга жарыяланган макаласы үчүн суракка чакырган учурлар көбөйүүдө.