Бишкектеги «Ганси» базасында ачылган «Семетей» госпиталы убактылуу жабылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
13-августта госпиталда коронавирустан дарыланып жаткан акыркы 8 бейтап айыгып чыккан.
Жалпысынан стационар 47 күн иштеди. Бул аралыкта 1500 бейтап, анын ичинен 300гө жакыны реанимацияда дарыланган.
Белгилей кетсек, учурда күз-кыш мезгилдерине, экинчи толкунга даярдык көрүү иштери улантылып жатат. Бул убакыттын ичинде кошумча шарттар каралып, көйгөйлөрдү чечүү жана лаборатория түзүү пландалууда.