Каракол суусуна 33 жаштагы киши чөгүп кетти

Автор -

Ысык-Көл облусунда бир киши Каракол суусуна түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Кырсык 13-август күнү саат 20:46 чамасында болгон. Ак-Суу районундагы Каракол капчыгайында 1987-жылы туулган эркек киши Каракол суусуна түшүп кеткен.

Аны издөө иштерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, натыйжа болгон эмес.
Бүгүн издөө иштери уланат.