Каракол суусуна чөгүп кеткен эркек кишинин денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Буга чейин 13-август күнү кечке маал Каракол капчыгайында 33 жаштагы эркек киши Каракол суусуна чөгүп кеткени тууралуу кабарланган. Кечээ издөө иштери жыйынтык берген эмес.
Бүгүн, 14-август күнү жарандын сөөгүн табууга ӨКМден жалпы 30 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 20 киши тартылып, саат 13:07де жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.