Бостериде көлгө чөгүп кеткен 29 жаштагы жарандын сөөгү табылды

Автор -

Ысык-Көл районунун Бостери айылында 16-августта көлгө чөгүп кеткен 29 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бүгүн 17-август күнү окуя болгон жерге издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 07:00дө Ысык-Көл райондук №31 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары, Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары, ИИМден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 2 адам тартылып, саат 08:00дө маркумдун жансыз денесин табышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти», — деп билдиришти министрликтен.