Ысык-Көлдө УКТ мүчөсү баӊгизат менен кармалды (сүрөт)

Автор -

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баӊгизаты менен кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл ОИИБдин КМКнын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлерине Чолпон-Ата шаарында «Нуке» аттуу адам өз үйүндө мыйзамсыз баӊги затын сактап жүрөт деген маалымат түшөт.

Аталган факты Ысык-Көл районунун милициясынын КЖБРне катталып, жазык кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, мыйзамсыз баӊгизатын сактаган адамдын өздүгү аныкталган. Ал, КР ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турган, Чолпон-Ата шаарынын 23 жаштагы тургуну Э.Э. болуп чыкты.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүү адамдын үйүндө санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлгөндө, целлофан пекеттин ичинде салмагы 295 граммды түзгөн, жапайы кендирдин жыты бар, күрөӊ-жашыл түстөгү зат табылып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы алынган зат марихуана экенин көрсөттү.

Мыйзамсыз баӊгизатын сактоо үчүн кармалган  шектүү адам, баш коргоо чарасы соттон кабыл алынганча  Ысык-Көл РИИБдин убактылуу-кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери уланууда.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү