«Ак Шумкар» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары бирикти

Автор -
224

«Ак Шумкар» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары бирикти. Бул тууралуу «Ак Шумкардын» лидери Темир Сариев социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Алдыдагы парламенттик шайлоого партиялар бир туу алдында барышат.

Эскерте кетсек, буга чейин Сариев «Ата Мекен» партиясы менен бириккенин жар салган, бирок 5-августта альянстан чыкканын билдирген.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Анда 40 партия ат салышаары күтүлүүдө. Мурдараак шайлоого катышуу ниетин билдирген 4 саясий партия ар кандай себептер менен кайра баш тартышты.