Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
• Бишкек ш. – 1
• Ош ш. – 1
• Жалал-Абад облусунда – 1.
Ал эми бир суткада 2 медициналык кызматкер ооруканалардан, дагы 8 медициналык кызматкер үй карантининен айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3038 учур катталды, алардын ичинен 2352 медкызматкер айыкты.