Манас проспектисинде аялды сүзүп качкан жаран кармалды

Автор -

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү аялды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашты.

Кырсык 17-августка караган түнү болжол менен саат 01:00 чамасында болгон. Чыңгыз Айтматов көчөсү менен белгисиз айдоочу түндүктү көздөй бара жатып, Шампанвинкомбинатынын тушунан жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 35-40 жаштардагы  аял киши окуя болгон жерден көз жумган.

Көрүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында Toyota Estima үлгүсүндөгү унаанын 23 жаштагы айдоочусу Э.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин жол транспорт кырсыктарын тескеген тергөө кызматына өткөрүп берилген. Унаа айып короосуна токтотулган.