Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Чалдовар айылындагы Салкын көлмөсүнө чөгүп кеткен кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
«Кечээ, 17-август күнү, Чалдовар айылында Салкын көлмөсүнө 2006-жылы төрөлгөн 14 жаштагы кыз чөгүп кеткен. Окуя болгон жерге издөө иштерин жүргүзүү үчүн Жайыл райондук №22 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, саат 12:30 чамаларында маркумдун денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен», — деп билдиришти ӨКМден.