Жогорку окуу жайлар жаңы окуу жылын дистанттык түрдө башташат

Автор -

Кыргызстанда жогорку окуу жайлар жаңы окуу жылын дистанттык түрдө башташат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, биринчи курстан тарта, бардык студенттер дистанттык режимде окушат.

«Бул үчүн министрликтин алдындагы консультативдик кеңеш онлайн окутуу мезгили үчүн окуу жайларга сунуштамаларды иштеп чыкты. Студенттерге жөнөкөй жана жеткиликтүү тилде дистанциялык билим берүү түшүнүгү берилет. Мындан сырткары окутуу аянтчаларын колдонуу боюнча, өз алдынча иштөөгө даярдык көрүү, билим берүү уюмунун ар кандай ресурстарын пайдалануу боюнча практикалык көрсөтмөлөр берилет», — деп айтылат маалыматта.

Мекемеден эгер өлкөдө эпидемилогиялык абал жакшырса, студенттер салттуу окутуу тартибине кайтып келиши мүмкүн экенин кошумчалашты.