COVID-19 илдетинен сутка ичинде бир адам каза тапты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Ал бейтап Баткен облусунун ооруканасында дарыланып жаткан. Ошону менен Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы статистикасына ылайык, ковидден каза тапкандардын жалпы саны 1054 адамга жетти.
Бир сутка ичинде коронавирустун жана пневмониянын жаңы 179 учуру катталган:
Бишкек — 39
Ош – 8
Чүй облусу – 17
Ош облусу — 24
Талас облусу – 1
Нарын облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 39
Жалал-Абад облусу – 26
Баткен облусу — 22
Бардыгы болуп илдет жуктургандардын саны — 42 миң 325.