Коомдук унаанын иштөө графиги кайра каралып чыгат

Автор -
208

Бүгүн, 19-августта премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди. 

Анда өлкөдө биринчи чейректен кийин эпидемиологиялык абал жакшырса, мектептер ишмердүүлүгүн толук кандуу ишке ашыра алары айтылды.

Ошондой эле Боронов окуу жылынын башталышы менен коомдук унаанын иштөө графиги кайра каралып чыгарыларын белгиледи.

Эскерте кетсек, июнь айынан бери борбор калаада коомдук транспорттун жүрүү убактысы чектелип, иш күндөрү 7:00дөн 10:00гө чейин, 17:00дөн 21:00гө чейин гана жүрүп жаткан. Ал эми дем алыш күндөрү толук токтотулган.

3-августтан тарта алардын жүрүү убактысы узартылып, 7:00дөн 11:00гө дейре, кайра 14:00дөн 23:00гө дейре жүрүп калган. Дем алыш күндөрү дагы деле коомдук транспорт жок.