Сутка ичинде 11 медкызматкер айыкса, жетөө оору жугузуп алды

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

• Бишкек ш. – 3
• Баткен облусунда – 3
• Ысык-Көл облусунда – 1

Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан, 7 медициналык кызматкер үй карантининен айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3045 учур катталды, алардын ичинен 2363 медкызматкер айыгып чыкты.