Тоң районунда жол кырсыгынан эки адам жабыркады

Автор -
250

Ысык-Көл облусунун Тоң районунундагы Туура-Суу айылында жол кырсыгы катталып, эки адам жаракат алды.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Volkswagen Golf жана Audi унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 18 жаштагы жана 34 жаштагы 3 эркек киши жеңил жаракат алышкан.

ӨКМдин №38 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жана «Тез жардам» кызматкерлери биргеликте жабыркаган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

 

Бөлүшүү