Чолпон-Атадагы ооруканада оңдоп-түзөө иштери 80% аяктады (видео)

Автор -

Чолпон-Ата ​шаарындагы 70 орундуу аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлмөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөө иштери 80% аткарылып жана толук кандуу жүрүүдө. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, имараттын демонтаждоо иштери 100% аткарылып, эски эшик-терезе, инженердик түтүктөрү ажыратылып жана дубалдардын шыбактары түшүрүлгөн.

Бүгүнкү күнгө жасалгалоо жумуштары боюнча чатыр 80% кайра жабылып бүтүп,  ички жасалгалоо жумуштары 100% бүткөрүлдү. Ошондой эле ​ электромонтаж 85%, сантехникалык жумуштар 50% аяктап, жаңы терезелер орнотулуп, сырткы шыбак жана имараттын маңдайын жасалгалоо жумуштары 95% бүттү.

Учурда канализация жана суу түтүктөрүн орнотууга траншея казылып бүттү. Жумушчулардын саны — 32 адам.