Эт туурайм деп, манжаларынан айрылды. Сокулуктагы кырсык (сүрөт)

Автор -

Сокулук районунун Шопоков шаарында 19 жаштагы жигиттин колу эт туурагычка кыпчылып, жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты, деп жазат Turmush басылмасы.

Маалыматка караганда, ӨКМге анын колун чыгарып берүү боюнча билдирүү түшкөн. Алар барып колун бошотууга жардам беришкен.

Ал эми күбөлөрдүн айтымында, ал жигит коопсуздук эрежелерин толук сактабастан, эт туурагычка этти салып, колу менен түртүп жаткан.

«Кандай гана техника болбосун, анын коопсуздугун сакташ керек. Бул бала этти атайын курал менен түртпөстөн, өз колу менен түртүп, эт туурагычка салып жаткан экен. Ошондо колун кошо кыпчып алып кеткен. Куткаруучулар келип, эт туурагычты артка иштетип, колун чыгарып беришти. Манжаларын баштыкка салып коюшту. Ал бала андан ары ооруканага көрүнгөнү кетти», — деп айтылат маалыматта.