Ошто ЖКККБнын эки кызматкери мушташа кетип, бири ооруканага жаткырылды

Автор -

Ош шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын эки кызматкеринин ортосунда уруш чыгып, бири ооруканага жаткырылды. Маалыматты Ош ШИИБинин басма сөз кызматы тастыктады.

Окуя кечээ, 19-августта болгон. Башкармалыктын башкы инспектору Тилек Моңолбаев менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетектөө тобунун башчысы Манас Полотов алгач иш бөлмөдө жакалаша кетип, аларды кесиптештери ажыратып калган.

Мындан улам алар урушун көчөдө улантышкан.

Мекеменин билдиргенине караганда, учурда алардын бири ооруканда, экинчиси оорусуна байланыштуу эмгек өргүүсүнө чыгып кеткен.

«Эки кызматкер тең бири-биринин үстүнөн арыз жазды. Бул факты Ош ШИИБинде катталып, учурда ички иликтөө кызматы териштирүү ишин баштады. Тийиштүү экспертизалар дайындалды», — дешет басма сөз кызматынан.

Бөлүшүү