Салык кызматы июлда 6,8 млрд сом жыйнады

Автор -

2020-жылдын июль айында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 6 млрд 859,1 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр жыйналган. Бул туурасында аталган кызматтын төрагасы Кабыл Абдалиев билдирди.

Анын айтымында, белгиленген план 109,9 % пайызды түзгөн же 616,1 млн сомго ашыгы менен аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын жана төлөмдөрдүн келип түшүүсү 548,9 млн сомго көбөйгөн.

Ошону менен бирге ушул жылдын 7 айында 40 млрд 452,3 млн сом салык жыйналган (болжол 44 941,9 млн сом), план 90% пайызды түзгөн же 4 млрд 489,6 млн сомго кем аткарылган.

Белгилей кетсек, январь-февраль айларында салыктарды чогултуу белгиленген пландын алкагында аткарылган, бирок коронавирустук карантинге байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджетке 6 млрд 417,8 млн сом, ал эми республикалык бюджетке 5 млрд 438,3 млн сом түшпөй калган.

Акыркы эки айдын ичинде өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга карабастан мамлекеттик бюджет боюнча артта калуулар 2 млрд сомго, ал эми республикалык бюджет боюнча 1,9 млрд сомго кыскартылган.