Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 345 киши сакайып чыкты. Бул тууралуу бүгүнкү брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Айыккандар:
- Бишкек – 96;
- Ош шаары – 43;
- Чүй облусу – 23;
- Ош облусу – 35;
- Талас облусу – 5;
- Нарын облусу – 10;
- Ысык-Көл облусу – 40;
- Жалал-Абад облусу – 59;
- Баткен облусу – 34.
Ошондой эле соңку суткада коронавирус жана пневмония 196 адамдан аныкталды.
Жаңы учурлар:
- Бишкек — 35
- Ош – 9
- Чүй облусу – 16
- Ош облусу — 34
- Талас облусу – 8
- Нарын облусу – 3
- Ысык-Көл облусу – 24
- Жалал-Абад облусу – 49
- Баткен облусу — 18.
Расмий статистика боюнча март айынан бери өлкөдө 42 миң 703 адам коронавирус жуктурду. Анын ичинен 35 миң 831 адам айыгып чыкты.