Кыргызстанда COVID-19 жуктургандар 43 миңге, айыккандар 36 миңге чамалады

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 345 киши сакайып чыкты. Бул тууралуу бүгүнкү брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Айыккандар:

  • Бишкек – 96;
  • Ош шаары – 43;
  • Чүй облусу – 23;
  • Ош облусу – 35;
  • Талас облусу – 5;
  • Нарын облусу – 10;
  • Ысык-Көл облусу – 40;
  • Жалал-Абад облусу – 59;
  • Баткен облусу – 34.

Ошондой эле соңку суткада коронавирус жана пневмония 196 адамдан аныкталды.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек — 35
  • Ош – 9
  • Чүй облусу – 16
  • Ош облусу — 34
  • Талас облусу – 8
  • Нарын облусу – 3
  • Ысык-Көл облусу – 24
  • Жалал-Абад облусу – 49
  • Баткен облусу — 18.

Расмий статистика боюнча март айынан бери өлкөдө 42 миң 703 адам коронавирус жуктурду. Анын ичинен 35 миң 831 адам айыгып чыкты.

Бөлүшүү