Жалал-Абаддын Сузак районунда дайынсыз болуп жаткан эки жаш бала аман-эсен табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-август күнү саат 20:00 чамасында Масадан айылындагы каналынга 8 жана 10 жаштагы эки бала балык улоого чыгып кетишкен бойдон дайынсыз болушкан.
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин Сузак райондук №65 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 15 куткаруучу, ИИМ кызматкерлери жана туугандары тартылган.
Издөө иш-чараларынын натыйжасында бүгүн, 21-август күнү, 2 жаш бала каналга жакын жайгашкан турак үйдүн чатырынан куткаруучулар тарабынан аман-эсен табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.