БУУ Өнүктүрүү программасы БШКга 2550 планшет берди

Автор -

БУУ Өнүктүрүү программасы Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 2550 планшет берди. Аны парламенттик шайлоодо участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү маалыматтарды ыкчам алмашуу максатында колдонушат.

БШК планшеттер менен мониторлор Кыргызстандын аймагындагы 2420 шайлоо участкаларына жеткирилерин билдирди. Шайлоонун жол-жобосу атайын программа жана тиркемелер түрүндө планшеттерге түшүрүлөт.

2020-2021-жылдарда Кыргызстандагы шайлоолорду колдоо программасы Япониянын, Германиянын, Швейцариянын каржылык колдоосунда БУУ Өнүктүрүү программасы тарабынан ишке ашырылууда.

Бөлүшүү