COVID-19 илдетинен акыркы суткада бир адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, маркум Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде пневмониядан дарыланып жаткан. – 1
Март айынан бери Кыргызстанда илдет 43 миң 126 адамга жугуп, алардын 36 миңден ашууну айыгып чыкты. 1 миң 57 киши каза тапты.