Бир сутка ичинде өлкө боюнча 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.
• Бишкек ш. – 1;
• Баткен облусунда – 2;
• Жалал-Абад облусунда – 6.
Ал эми бир суткада ооруканалардан жана үй карантининен айыгып чыккан медицина кызматкерлери болгон жок.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3101 учур катталды, алардын ичинен 2385 медкызматкер айыгып чыкты.