Түн ичинде учактан дары чачылып жатабы? ӨКМдин жообу

Автор -

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкекте түн ичинде учактан дары чачылып жатканы тууралуу маалыматты төгүндөдү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, түнкү убакта дары чачып жүрүшөт деп  WhatsApp аркылуу тарап жаткан аудио билдирүү чындыкка дал келбейт.

«Жарандардан такталбаган маалыматты жайылтпоону суранабыз!», -деп баса белгилешет мекемеден.

Министрликтин маалыматына караганда, мекеме дезинфекциялык иш-чараларды жөө жүрүп же өрт эсептөөсүн тартуу менен жүргүзүшөт, жолдор жана имараттар дезинфекцияланат.

Эскерте кетсек, акыркы күндөрү жарандар WhatsApp аркылуу бири-бирине түн ичинде самолет менен абадан дары чачылары тууралуу билдирүүнү таратып жатышат. Ал билдирүүдө дары жаш балдарга экени, аларды оорута турганы айтылат.