Чала тааныш кыздын акчасын жана унаасын тартып алган жаран кармалды

Автор -

Аламүдүн районунда 21 жаштагы кыздын акчасын жана унаасын тартып алган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 12-март күнү болжол менен саат 03:10 чамаларында Аламүдүн районунун милициясына ооруканадан чалышып, денесине жаракат алган аял киши биринчи жардам алып кеткенин кабарлашкан.

Бул маалымат боюнча РИИБдин ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышып, жогорудагы факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 119-беренеси (майда бейбаштык) боюнча катталган.

Жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин натыйжасында жабырлануучу аял кишинин өздүгү аныкталып, 21 жаштагы Октябрь айылынын жашоочусу С.Г. экендиги аныкталган. Ал ички иштер органдарына арыз жазып, 11-март күнү болжол менен саат 22:00 чамаларында чала тааныш бала эч себепсиз денесине залал келтирип, 5500
сом акчасын жана «Деу Нексия» үлгүсүндөгү автоунаасын тартып алып,  окуя
болгон жерден белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин жүрүшүндө буга чейин катталган материал Кыргыз
Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) беренесине
которулган. Кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде Аламүдүн районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан буга чейин бир нече жолу соттолгон 32 жаштагы М.Ф. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

Бөлүшүү