Гонконгдо жаран 2-ирет коронавирус жугузуп алган

Автор -

Кытайдын Гонконг шаарында Covid-19 илдетин кайрадан жуктуруп алган бейтап катталды. Бул тууралуу Кытай басылмалары жазып чыккан.

Маалыматта 33 жаштагы эркек киши коронавирус менен апрель айында эле ооруп айыкканы айтылат. Ал эми август айынын башында ал Испаниядан келип, анализ тапшырганда, андан коронавирус аныкталган.

Гонконг университетинин окумуштууларынын изилдөөлөрүнө ылайык, бейтапта аныкталган вирустун белгилери Covid-19 инфекциясынан кыйла айырмаланганы маалымдалат.

Бөлүшүү