Тува башчысы 2-ирет коронавирус жуктуруп, ооруканага түштү

Автор -

Тува Республикасынын башчысы Шолбан Кара-оол экинчи жолу коронавирус менен ооруп калганы аныкталды. Бул тууралуу ал «ВКонтакте» тармагындагы жеке баракчасында билдирди.

Биринчи жолу Шолбан Кара-оол коронавирусун май айында жуктуруп алган. Ал кезде аны менен бирге дагы бир нече аткаминер ооруканага жаткырылган.

«Бул илдет менен кайра ооруп калуу мүмкүн экен. Мен азыр COVID-19 менен кайра ооруп калып, жугуштуу оорулар ооруканасындамын. Бул адам өлүмүнө жеткире турган коркунучтуу ооруга жек көрүү менен гана мамиле кылыш керек. Ошондо гана аман калууга мүмкүнчүлүк болот. Мен бул оору кайра жукпайт деп ишенип алып, иштеп жүргөм», — деп билдирет Шолбан Кара-оол.

Анын айтымында, бул ирет оору мурункудан башкачараак өтүп жатат.

«Көкүрөк туш эмес, башым катуу ооруп жатат», -деди ал.

Республикалык штаб кыргызстандыктарды гигиена эрежелерин сактоого, коомдук жайларда беткап тагынууга жана аралыкты сактоого чакырат.

Бөлүшүү