Жалал-Абадда көбүрөөк. Коронавирус жуктурган жаңы 119 учур катталды

Автор -

Бир сутка ичинде коронавирустан каза тапкандар катталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Ал эми ооруну дагы 119 адам жуктуруп алганы белгилүү болду. Алар төмөнкү аймактардан:

  • Бишкек – 15
  • Ош – 8
  • Чүй облусу – 4
  • Ош облусу – 15
  • Талас облусу – 4
  • Нарын облусу – 3
  • Ысык-Көл облусу – 12
  • Жалал-Абад облусу – 39
  • Баткен облусу – 19.

Жалпысынан коронавируска чалдыкканы тастыкталган жарандардын саны 43 245 адамга жетти.

Бөлүшүү