Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого катышуу укугун алыш үчүн үч партия гана документтерди кынтыксыз тапшырганын билдирди. Алар — «Ата Мекен», «Бир Бол» жана «Мекенчил» партиялары, деп жазат «Азаттык».
Калган партиялардын талапкерлери тууралуу маалыматтар жетишсиз, айрымдарынын тизмеси толук эмес. Аларда эки күн аралыгында (25-26-август) кемчиликтерин оңдоого мүмкүнчүлүк бар.
24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алуу жыйынтыкталып, 17 партия эрежелерди аткарганы айтылган. Бирок «Кыргызстан» партиясы документ тапшыруу шарттарын бузганы кабарланып, 25-августта документтери артка кайтарылды.
120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттары партиялык тизме аркылуу беш жыл сайын шайланат. Кезектеги шайлоо 4-октябрда өтөт.