Фортепиано, балет жана башка окууларга атайын талаптар иштелип чыгат

Автор -

Шарттуу түрдө окула турган фортепиано, балет жана башка окууларга атайын талаптар иштелип чыгат жана алар толук сакталышы кажет. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин брифинги учурунда Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда эпидемиологиялык абал курч мүнөзүн жогото элек.

«Дүйнө жүзүндө пандемия дагы деле жүрүп жатат жана айрым мамлекеттерде мектеп окуучуларынын арасында оору жугуп жатканы белгилүү. Мындан улам, Саламаттык сактоо министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жаңы окуу жылына даярдыктарды көрүүдө. Айрыкча, 1-класска бара турган балдардын окуусуна шарттар түзүлүп жатат. Ошондой эле, ар бир ата-эне бул маселеге жакшы көңүл буруп, ар бир санитардык талаптарды аткаруусу зарыл», — деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу, ар бир адам ооруну жугузуп албоо үчүн санитардык талаптарды сактоосу зарыл. Ооруп, айыгып чыккандар вирусту кайра жуктуруп албаш үчүн реабилитациянын шарттарын толук аткаруусу зарыл. Эгерде оорунун кандайдыр бир белгиси пайда болсо, өз алдынча дарыланбастан түздөн-түз медициналык кызматкерлерге кайрылуу кажет. Өз алдынча дарылануу ден соолукка зыян экенин унутпаңыздар.

Бөлүшүү