Кантта 12 жашар кыз асынып өлдү

Автор -

Бүгүн, 26-августта Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Кант шаарындагы кичи райондордун бириндеги үйдө 2008-жылы туулган П.В. аттуу кыздын жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө телефон аркылуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти, деп жазат Super.kg.

«Бул факты боюнча Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө ыкчам тобу барган. Окуя боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз асынып алганы белгилүү болду. Бардык жагдайлар иликтенүүдө.

Азыркы учурда тергөө жана ыкчам иликтөө иш-чаралары, сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат беребиз», — деп билдиришкен башкармалыктан.

Бөлүшүү