Батукаев боюнча иште эки адамга айып салынды

Автор -

Бишкектин Свердлов райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу айыпталган эки адамга карата чечим чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматына таянып, «Азаттык» жазды.

Маалыматка караганда, чечим 18-августта чыккан. Ага ылайык, бул ишке айыпталып жаткандардын катарындагы мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева Кылмыш кодексинин 319-беренесинин 2-беренесине ылайык күнөөлүү деп табылды. Тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимдин негизинде ага 260 миң сом айыппул салынды.

Ошол кездеги атайын прокурордун мурдагы орун басары Кубатбек Жуматаев да ушул эле берененин негизинде күнөөлүү деп табылып, тергөө менен кызматташуу тууралуу келишим эске алынып ага да 260 миң сом айыппул салынды.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жыл, 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы 2019-жылдын январында кайра иликтей баштап, сентябрь айында мыйзамга шайкештигин текшериш үчүн Башкы прокуратурага жөнөткөн. Сотко иш ошол жылдын октябрында өткөн.

ИИМ бул иш Жазык кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде тергелгенин, шектүү 19 адамдын 14ү тергөө менен кызматташууга макул болгонун, иш 451 томдон турарын кабарлаган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Батукаевдин иши» боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга кесилген. Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да күнөөлүү деп табылып, ага беш миллион сом айыппул салынган. Ал мамлекеттик чиндеринен жана мамлекеттик наамынан ажыратылган.

Бөлүшүү