Бир сутка ичинде COVID-19дан каза тапкандар болгон жок, ал эми жаңы 101 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жаңы чыккан учурлар төмөнкү аймактардан:
- Бишкек — 32
 - Ош – 1
 - Чүй облусу – 7
 - Ош облусу — 10
 - Талас облусу — 4
 - Нарын облусу – 5
 - Ысык-Көл облусу – 18
 - Жалал-Абад облусу – 16
 - Баткен облусу — 8
 
Март айынан бери бул ооруга чалдыккандардын расмий саны 43 миң 459 кишиге жетти. Учурда 845 бейтап стационарда дарыланууда, үйдөн 4680 бейтап дарыланууда. Жалпы каза тапкандар 1 миң 58 адам.






























