Бишкек — Ош трассасында катталган жол кырсыгынан тогуз жаштагы бала каза болуп, беш киши жабыркады. Бул тууралуу Чүй милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.
Кырсык 27-август күнү эртең мененки саат 9:30дар чамасында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жеңил автоунаа каршы тилкеге чыга калып, Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобус менен кагышкан. Анын кесепетинен кичи автобустун ичиндеги 9 жаштагы бала ошол жерден көз жумган.
Мындан сырткары, жеңил автоунаанын айдоочусу жана бустун ичиндеги төрт жүргүнчү ар кандай жаракат алышканы белгилүү болду.