Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эки документке кол коюлду

Автор -
297

Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын Ташкент шаарында өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча эки протоколго кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тараптар узундугу 94,5 чакырым келген кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара линиясынын өтүү чегин сүрөттөө долбоорун макулдашты жана бекитишти.

«Ошондой эле андагы 10 тилкенин бири макулдашылып, бекитилди. Өкмөттүк делегациялардын биргелешкен кеңешмелери конструктивдүү жана достук маанайда өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки протоколго: топографиялык жумушчу топтун жана мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын протоколуна кол коюлду. Тараптар коңшу элибизди тынчсыздандырган чек ара маселесин чечүү максатында жумушчу топтордун ишин активдештирүүнү макулдашты. Ушул жылдын соңуна дейре жумушчу жолугушуулардын графигинин планы бекитилди. Алар ай сайын өткөрүлмөкчү», — деп белгилеген өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев.

Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын башчысы, вице-премьер-министр Акрам Мадумаров өткөн сүйлөшүү процессинин жемиштүүлүгүн белгеледи. Мамлекеттик чек ара маселелер жыйындысын чечүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат.

Бөлүшүү