Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор болгон жок, бирок 128 адам жаңы жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде белгилүү болду.
Алар төмөнкү аймактардан:
- Бишкек — 18
 - Ош – 3
 - Чүй облусу – 12
 - Ош облусу — 14
 - Талас облусу — 6
 - Нарын облусу – 3
 - Ысык-Көл облусу – 24
 - Жалал-Абад облусу – 27
 - Баткен облусу — 21
 
Бардыгы болуп март айынан бери 43 587 адам бул ооруну жуктурду.






























