Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен бир адам каза таап, жуктуруп алган жаңы 60 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг маалында билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек — 13
Ош – 1
Чүй облусу – 2
Ош облусу — 7
Талас облусу — 3
Нарын облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 3
Жалал-Абад облусу – 14
Баткен облусу — 16
Ошону менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 43 миң 958 адамга жетти.