Ноокенде чек ара кызматынын аскери жанын кыйды

Автор -

Мамлекеттик чек ара кызматы Жалал-Абаддын Ноокен районунда чек арада кызмат өтөп жаткан аскер жанын кыйганын билдирди.

Расмий кабарга ылайык, 30-август күнү 2027-аскер бөлүгүнүн мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан жоокери асынып алган.

Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн кызматтык иликтөө башталды. Ишти Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы териштирүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү