Жогорку соттун алдында таза шайлоону талап кылган акция өтүп жатат

Автор -

Акцияга жарандык активисттер, парламенттик шайлоого бараткан айрым партиялардын мүчөлөрү катышууда. Алар бийлик шайлоодо бардык саясий партияларга бирдей шарт, мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек экенин айтып, Жогорку соттон «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүүнү талап кылып жатышат, деп жазат «Азаттык».

Митингге чыккандар шайлоонун үгүт иштери баштала электе эле айрым жерлерде акча таратыла баштаганын, ага Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) чара көрбөй жатканын сынга алышууда.

Ошол эле кезде Жогорку соттун имаратынын жанына «Кыргызстан» партиясынын тарапташтары да чогулууда.

БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган.

«Кыргызстан» БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылып, 27-августта судья Чолпон Досмамбетова партиянын арызын канааттандырган. Бул чечимге каршы болгон БШК Жогорку сотко арызданган. Боршайкомдун арызы 1-сентябрда саат 16:00дө каралат.