Бишкекте балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн «Жаштар үйү» ачылды

Автор -

Балдар үй-интернаттарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн Бишкекте дагы бир «Жаштар үйү» ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24 орундуу убактылуу жашоочу үй Ленин районунун Киргизия-1 айылынын Таалай көчөсүндө жайгашкан. Аталган үйдө кыздар гана жашайт.

«Жаштар үйү» «Жетим балдарды коргоо укугу» коомдук фонду тарабынан балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн социалдык колдоо долбоорунун алкагында ачылды. Бул жерде:

  • акысыз жашоо;
  • үч жолу тамактануу;
  • окуу жайларына кирүү (кечки мектеп, кесиптик лицей, колледж, ЖОЖ);
  • аскердик каттоо;
  • поликлиниканын каттоосуна кирүү каралган.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарындагы Балтагулов көчөсүндө балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн убактылуу турак жай берүү боюнча мекеме иштеп жатат. 1-сентябрга карата социалдык жатаканада 22 адам жашайт.