Чүйдө эркек киши 5 жаштагы баланы зордуктоого аракет кылган

Автор -

Ысык-Ата районунда эркек киши 5 жаштагы баланы зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу күч тузүмдөрүндөгү булактарына таянып, Kaktus.media жазды.

Алардын айтымында, 5-июль күнү Бишкек шаарынын 63 жаштагы тургуну К.Б.А. милицияга арыз менен кайрылып, аны жарандык никедеги күйөөсү Ж.К.Ж. 2015-жылы төрөлгөн небересине асылып, ал тургай зордуктоого аракет кылганын билдирген.

«Азырынча бул факты боюнча Чүй облусунун ИИБи кандайдыр бир комментарий бере элек», -деп жазат басылма.