COVID-19: Россияда 5-сентябрдан тарта эмдөө башталат

Автор -

Москвада 5-сентябрдан тарта коронавируска каршы массалык эмдөөлөр башталат. Бул Орусия өзү чыгарган вакцинаны сыноонун 3-баскычы болуп саналат.

«Баары пландалган боюнча жүрүп жатат. 3-5 сентябрь күндөрү ыктыярчылар скринингден өтүп, бардык анализдерди тапшырат. Ал эми эмдөө 5-сентябрдан тарта башталат», — деп билдирген Гамалея атындагы борбордун директору Александр Гинцбург.

26-августта Москва мэри Сергей Собянин шаардыктарга кайрылып, «Спутник V» сыноолорунда вакцина менен эмдөөдөн өтүүнү суранган. Эмдөөдөн өтүүнү каалагандар өкмөттүн порталына арыз таштаса болот деп кошумчалаган.

Учурда коронавируска каршы вакцинаны сыноого Москвада 40 миң адам ыктыярчы болуп катталган. Алардын баары эмдөөдөн өткөн соң, жарым жыл бою медициналык кызматкерлердин тыкыр көзөмөлүндө болуп турат. Ошондой эле алардын баарына дене табын жана кан басымын өлчөөчү электрондук билериктер да тагылат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү